UFC уюмунун президенти Дана Уайт бутун сындырып алган Конор Макгрегор качан беттешке чыгарын айтты

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор октагонго 2022-жылга чейин кайтып келбейт. Бул тууралуу уюмдун президенти Дана Уайт чет элдик спорттук басылмалардын бирине берген маегинде айткан.

"Ал ооруканадан жаңы эле чыкты. Макгрегор Лос-Анжелесте бир аз убакытка болот. Үйүнө качан учуп кетерин билбейм. Ал октагонго бир жылдан кийин кайтып келет", - деген Уайт.

10-июлдан 11-июлга караган түнү өткөн UFC 264 турниринин негизги беттешинде Конор Макгрегор америкалык мушкер Дастин Порье менен кез келип, беттештин биринчи бөлүгүндө буту сынып, техникалык нокаут менен жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан