Катуу жааган жаандан улам Алайда сел жүрдү

Кечээ, 15-июль күнү кечинде Ош облусунун Алай районунда катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолу жабылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Такталган маалымат боюнча, саат 20:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 70-чакырымын каптап, унаа жол жабылып жана Кара-Булак айылында жайгашкан 3 турак үйдүн короосуна кирген.

Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМнын 5 куткаруучу, №959 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, саат 22:50дө бир тараптуу ачылган. Саат 23:40та унаа жол толук тазаланып ачылган", - деп билдиришти ӨКМдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан