Германияда суу ташкынынан болжол менен 1300 адам дайынсыз болууда

Германиянын батышындагы Ахрвейлер районунда суу ташкынынан болжол менен 1300 адам дайынсыз болууда. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Германияда дүйшөмбүдөн бери Батыш Европадагы "Бернд" циклонунан
улам жааган жамгыр уланып жатат. Жаратылыш кырсыгынан 58ге чкул адам каза болгону айтылууда.
"Кыйроонун кыйын кырдаалынан улам учурда кырдаалга акыркы баа берүү мүмкүн эмес. Жамгырдын негизги соккусу батыш жана түштүк-батыш аймактарына тийип, дарыялар, анын ичинде Рейн дарыялары жээктеринен ашып, көчөлөрдү каптап кеткен.
Учурда Түндүк Рейн-Вестфалиянын беш районунда дамба бузулуп калуу коркунучунан улам калк эвакуацияланып жатат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан