Аксыда дагы бир айылда сел жүрүп, 3 турак үйдүн короосун суу каптады

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Суу айыл аймагында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, сел ташкыны 15-июлда кечке жуук болгон.
"Жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары ички чарбалык унаа жолдун 5-20 чакырым (Көк-Кыя тилкеси) аралыктарын каптаган. Мындан сырткары Көк-Кыя айылында 3 турак үйдүн короолорун сел суусу каптаган.
Жерине Кара-Суу айыл аймактан 1 манипулятор, 1 грейдер тартылып, тазалоо иштеринен кийин унаа жол бир тараптуу ачылган. Тазалоо иш-чаралары бүгүн да улантылат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан