Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары ачылыш аземдеги салтка айланган спортчулардын парадынан баш тартышат. Бул тууралуу Беларусь улуттук Олимпиада комитети жазып чыкты.
Мындай чечим 15-июлда эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бахтын катышуусундагы өкүлчүлүктөрдүн башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынгандыгы жазылган. Бирок расмий билдирүү азырынча таратыла элек.
Белгилей кетсек, Олимпиада оюндары 2021-жылдын 23-июлунан 8-августка чейин Япониянын Токио шаарында өтөт.
Буга чейин Токиодогу жайкы Олимпиада оюндарына кийип бара турган Кыргыз өлкөсүнүн курама командасынын параддык формасы талкууга алынган.