Бишкек ШИИББи Түркия жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы менен А.Э. аттуу жаранды кармады. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Шектүү жаран мурда Кыргыз Республикасынын президентине караштуу жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы кызматын ээлеп келген. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда кылмышка тиешеси бар жарандардын бардыгын аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары уланууда.