Бүгүн Франция курама командасынын чабуулчусу Оливье Жиру "Милан" клубу менен жылына 4 миллион евро маяна алып, 2 жылдык келишим түзөт. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
"Кечээ кечинде футболчу Милан шаарына учуп келген. Бүгүн форвард медициналык текшерүүдөн өтүп, "Миландын" базасына келип, клуб менен келишим түзөрү күтүлүүдө. Андан кийин Жиру эмгек өргүүсүн улантат", - деп жазылат маалыматта.
Ал "Стефано Пиолинин" командасына 26-июлдан баштап кошулат.
35 жаштагы Оливье Жиру өткөн сезондо "Челси" клубунда 31 оюн өткөрүп, 11 гол киргизген.