"Ыр жаздырдык, элдин сынына коёлу деп жатабыз" дешет вайнерлер Нуриза Бектурова жана Медер Нуркадыров

Кыргыз вайнерлердин арасында кыз-жигит ортосундагы мамилелерди тартып, элге күлкү тартуулаган Нуриза Бектурова менен Медер Нуркадыров бар. Алар видеодо гана эмес, чыныгы жашоодо да 6 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн ашыктар. Нуриза өзүнүн карьерасын актрисалыктан баштаган. Ал көптөгөн клиптерге тартылып, өзүнүн күйөрмандарын чогулта алган. Жигити Медер "тамашоучу" болуп, кийин вайн тартуу менен алектене баштаган.

Сүйүктүүсүн кызганган Медер Нуризага клиптерде роль жаратпай эле коюусун сунуштаганда, мамиленин бекемделиши үчүн жигитин түшүнгөн Нуриза актрисалыкты токтоткон. Камераны сагынган Нуризаны жигити вайндарды тартуу менен алаксытып келет. Кыз-жигитти студиябызга чакырдык. Маектешүүдө алар ыр жаздырышканын, жакында элге тартууларын айтышты. Толугу менен видеодон көрүңүз.

“Бир жумада 7 күн болсо, биз 8 күн жолугабыз” дейт Медер Нуркадыров
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан