"Коңшу тараптын кайрылуусу менен". Жалал-Абадда сууга агып кеткен 7 жаштагы өзбекстандык бала изделүүдө

Жалал-Абад облсунун Ала-Бука районунда сууга агып кеткен 7 жашар баланы издөө иштери жүргүзүлүүдө. ӨКМнын басма сөз кызматынан изделип жаткан бала өзбекстандык экенин кабарлайт.
"13-июль күнү Өзбекстандын Наманган облусунда Касан-Сай дарыясына 2014-жылы туулган бала чөгүп кеткен. Коңшу өлкөнүн куткаруучулары издөө иш-чараларын жүргүзүшүп, натыйжа болгон эмес.
Касан-Сай дарыясы Биринчи Май айыл аймагынын Жаңы-Шаар жана Айры-Там айылдарын аралап өткөн Чүст каналына куйгандыгына байланыштуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Наманган облустук башкармалыгынын башчысы Кыргыз өлкөсүнө издеп берүү каты менен кайрылган.
15-июль күнү жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылып, издөө иш-чаралары жүргүзүлдү. Издөө иштери улантылууда", - дешет мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Altyn10076
2021-07-16 13:51:31
Омий Кыргызстан кайрылса өзбектер не деп жооп бермек ?
+1
Ala.too.456
2021-07-16 20:44:05
Altyn10076,Кыргызстан кайрылып эле журот. Аларда издешип, таап берген кундорда болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан