УКМКнын кызматкери зордуктоого аракет кылды деген кыз: "Шымымды чечип жибере жаздаганда качып кеттим"

Буга чейин Чүйдө УКМКнын кызматкери 19 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деп шектелип жатканын жазганбыз. Окуянын чоо-жайын билүү үчүн жабырлануучу кыз менен байланыштык.

Ал болгон окуяны төмөнкүчө айтып берди.

"3-июлда Беш-Күңгөй айылына жетекчимдин досунун үйүнө барганбыз. Ал жерге УКМКда иштеген кызматкер дагы барды. Ал мас абалда болчу. Түнкү 2ге жакын үйлөрүбүзгө кеттик. Орто жолдон жетекчим мени тигил кызматкер жеткирип коёрун айтып, анын унаасына салып койду. Унаада бир кыз бар экен, ал кимиси болорун билген жокмун. Бирок унаага эч коркпостон отурдум. Ага жетекчим мени аман-эсен үйгө алып баруусун суранды. Ал биринчи унаада отурган кызды, андан кийин мени жеткирерин айтты.

Сүйлөшүлгөндөй эле кызды жеткирди дагы унааны башка жолго салып айдай баштады. Эмнеге башка жакка бара жатканыбызды сурадым, ал тургай түшүрүп коюуну айттым, бирок ал мени уккан жок. Анан бир жерге токтоп, мени зордуктоого аракет кылды. Мен аны менен алышып жатып, жок дегенде үнүн жаздырып калайын деп телефонумдун диктофонун күйгүздүм.

Бир мезгилде ал шымымды чечип жибере жаздады, бирок мен качып кетүүгө үлгүрдүм. Ал мени кууп жетип, кайра күч менен унаага сүйрөп салды. Түнкү саат төрт болуп калган. Андан кийин Панораманы көздөй айдап жөнөдү, унаанын эшиктерин бекитип алган. Мен андан бул ишин токтотуп, үйүмө же эл бар жерге алып барышын сурандым. Дагы качып кетүүгө үлгүрдүм, бирок ал мени кармап калды. Ал үчүн мен аны бир нече жолу ийинин тиштеп салдым.

Аны жоопкерчиликке тарта албай турганымды айтып, ал тургай күбөлүгүн көрсөтүп мактанды. Эртең мененки саат жетилерде мен аны Бишкектин борборуна алып бар деп араң көндүрүп шаарга келдим. Дароо милицияга арыз жыздым. Бул ишти Аламүдүн РИИБи карап жатат. Буга чейин дагы аны тааныгандар бир кызды зордуктап, жоопкерчиликтен тааныштары аркылуу чыгып кеткен деп айтышкан. Бул жолу андай болбойт деп ишенем.

Азыр бардык экспертизалардан өттүм, өзүмдүн абалым жакшы. Бирок мага баары бир психологиялык жардам керек болуп турат", - деди жабырлануучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aizira
2021-07-16 16:35:56
Тунку экиге чейин б.к жеп журдунбу шефинин досунун уйундо?. Соо кыз болсон бармак белен ал жака?
+15
Kuban-1207
2021-07-16 16:39:48
УКМК болсо эле зордукташ керекби жоопко тартылсын
+4
Taalaibek.
2021-07-16 17:05:09
Мен ойлойм муну Ташиев тазалайт деп.
+5
Real98
2021-07-16 17:53:33
Taalaibek., озун тазалап алсынчы биринчи
-6
al-abu-kinesz
2021-07-16 17:05:49
Сага согуш, укмкчыга жаза!
+5
-FREEDOM-
2021-07-16 17:28:41
Сангып журосунор айып озундо
+8
Dembele84
2021-07-16 18:20:32
Туну чакырган жерден калбасан,любой эркек бул кыз соо эмес деп,кичине градус киргенде асылат да.Жетекчинин еще досунун уйундо бок барбы сага!?
+10
bekalife
2021-07-16 22:10:22
Эмне кыл дейсин
+3
Gulina90
2021-07-17 10:08:29
Түнкү саат 2де 19жаштагы кыз эшек такалап барабы ойлонуп иш кылбайсынбы.
+1
Mylatka..
2021-07-17 13:32:44
Жалаа жаап жаткандайго,чындап асылган адам ошол маалда качыра койбойтго.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан