Орусялык ММА мушкери Фёдор Емельяненко америкалык атактуу мушкер Рой Жонс менен көргөзмө бокс беттешин өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
"Мен көргөзмө беттешти түшүнө бербейм, бирок мен буга кызыкдар элем, буга чейин мен Денис Лебедев менен, башка балдар менен иштешип, өзүм бокс менен 2000-жылдан бери машыгып келем. Ошондуктан мындай беттеш кызыктуу болмок, бирок блогерлер жана ырчылар менен эмес, спорт дүйнөсүнөн тышкары адамдар менен эмес.
Рой Жонс - дүйнөлүк бокс легендасы, албетте, аны менен беттеш өткөрүү кызыктуу болмок. Ал укмуштуудай ылдамдыгын көрсөтпөсө дагы ар дайым Рой Жонс бойдон кала берет", - деген Емельяненко.
44 жаштагы Фёдор Емельяненко кийинки беттешин 23-октябрда т турган Bellator турниринде өткөрөт.