Орусиянын Томск облусунда дайынсыз жоголгон АН-28 учагы Бакчарский районунан табылды. Бул тууралуу Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар кызматына таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, учактын кулаган жери аныкталган. Бактыга жараша, кырсыктан каза болгондор катталган эмес. Кырсык болгон жерге Томск облусунан 2 тик учак чыгып кеткен. Учурда куткаруу иштери башталды.
Бүгүн, 16-июлда Орусиянын Томск облусунда АН-28 учагы дайынсыз жоголгондугу кабарланган.