Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз курамасы толугу менен даяр. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
"Спортчулар үчүн 3 түрдүү спорт кийимдери тигилген. Алар: Салтанаттуу ачылыш аземине кийилүүчү кийимдер, спорттук кийимдер (машыгуу жараяндары үчүн) жана жарышка кийилүүчү атайын спорттук кийимдер.
Аталган кийимдерге кеткен бардык каражатты Эл аралык Олимпиада Комитети каржылады, башкача айтканда, мамлекеттик казынадан акча сарпталган жок", - деп билдиришти спорт агенттигинен.
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 17 спортчу катышат. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Мария Коробицкая, Роман Петров, Бакдөөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айаал Лазарев, Нурсултан Кеңешбеков.