2023-жылы Чемпиондор Лигасынын финалы Түркиянын Стамбул шаарындагы 76 миң көрүүчү бата турган "Ататүрк Олимпиада" стадионунда өтөт. Бул тууралуу УЕФА уюму социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Стамбул шаары буга чейин Чемпиондор Лигасынын финалын өткөрүү укугун быйыл, 2021-жылы алган. Бирок Улуу Британия Түркияны коронавирус боюнча "кызыл тизмеге" киргизгендигине байланыштуу финал Португалиянын Порту шаарына жылдырылган.
2020-жылы дагы коронавирус пандемиясынан улам Чемпиондор Лигасынын финалы Стамбулдан Лиссабон шаарына жылдырылган.
Германиянын Мюнхен шаары Чемпиондор Лигасынын финалын 2023-жылы эмес, 2025-жылы өткөрөт. 2022-жылы мелдештин финалы Санкт-Петербург шаарында өтсө, 2024-жылы финалдык оюн "Евро-2020" турниринин финалы өткөн Лондон шаарындагы "Уэмбли" стадионунда өтөт.