12-июль күнү Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында жүргөн селден дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы баланы издөө-иштери улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз болгон 7 адамдын жансыз денелери табылып, 2016-жылы туулган К.А. аттуу бала табыла элек.
Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жалпы 58 куткаруучу тартылган. Кошумча маалымат берилет", - деп билдиришти ӨКМдан.
12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдын кесепетинен Жолборсту сайында сел жүрүп, 7 адамды агызып кеткен (бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында көчөдө ойноп жүргөн 2016-жылы туулган баланы агызып кеткен.