Бүгүн, 17-июлда Япониянын борбору Токио шаарында өтө турган XXXII жайкы Олимпиада оюндарына катышуу үчүн Кыргыз курамасынан алгачкылардан болуп суучул Денис Петрашов учуп кетет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, Денис Петрашов машыктыруучусу Евгений Петрашов менен Түркиядан түз эле Токиого учушат. Ал эми 19-июль күнү өлкөдөн Каныкей Кубанычбекова менен Роман Петров машыктыруучулары менен Японияга учушат.
Олимпиадага катышчу балбандардын алгачкылары Токиого 27-июль күнү учуп кетишет.
"Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына Кыргыз өлкөсүнүн атынан 16 спортчу катышат. Алар: Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет Кызы, Мээрим Жуманазарова, Атабек Азисбеков, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Эрназар Акматалиев, Владимир Золоев, Дарья Маслова, Роман Петров, Бакдөөлөт Расылбеков, Каныкей Кубанычбекова, Денис Петрашов, Айаал Лазарев, Нурсултан Кеңешбеков.