Ысык-Ата районунда 2 атты уурдады деген шек менен 23 жашар жигит кармалды

Ысык-Ата РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 2 атты уурдаганга шектүү делген жаранды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Чүй облустук ички иштер боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган мекеменин билдирүүсүнө караганда Ысык-Ата районунун Туз айылынын 46 жаштагы тургуну Болот.Н милицияга арыз менен кайрылып, анда 26-октябрь түнү белгисиз адамдар тамынын артындагы сарайдан 2 атын уурдап кеткенин билдирген. Келтирилген чыгым 150 миң сомду түзгөн. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү издөө иш-чарасынын жыйынтыгында ошол эле айылдын 23 жаштгы жашоочусу Азамат К. кармалган. Учурда аттар ээсине кайтарылып, кармалган жигит убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. Иликтөө иштери жүрүүдө. 

 

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Sagy
2013-10-29 15:42:38
Адабий тилде 2 ат эмес, 2 жылкы болуш керек беле?
0
admin_superstan
2013-10-29 16:37:43
Sagy, криминалдык жаңылыкта, бээ болсо "бээ", ат болсо "ат", кулун болсо "кулун" деп берилет. Жылкы - жалпы жонунан айтылышы, соттук иш болгондуктан эмне уурдаса, ошонун так айтылышы берилет.
0
bey
2013-10-29 16:17:22
Sagy,эми акыркы жылдарда кандай билим алып жатышат дейсин.. .. билими жогу деле таанышы бар болсо иштеп жатышат да ..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан