Кечээ, 16-июль күнү кечинде Бишкек-Ош жолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"16-июль күнү саат 20:44 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында (Токтогул району, Көчкүлү-Булак тилкеси) Хонда Одиссей жана Уаз үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Натыйжада 1 аял каза болуп, (аты-жөнү такталууда) 9 адам ар кандай жаракат алышкан. Жерине 3 куткаруучу тартылып, каза болгондун жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп билдиришти ӨКМдан.
Ал эми жабыркаган жарандар "Тез жардам" унаасы менен райондук ооруканага жеткирилген. Учурда алардын абалы орто деп бааланууда.