Аксы: 5 күндөн бери изделип жаткан баланын сөөгү табылды

12-июль күнү Аксы районунун Жаңы-Жол, Ак-Жол айыл аймактарында жүргөн селден дайынсыз болуп жаткан 5 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

"Кум-Булуң тилкесиндеги Кара-Суу дарыясы менен Нарын дарыясынын кошулушундагы жердин жээгинен 5-6 жаштагы баланын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 9 куткаруучу тартылып , саат 15:20да маркумдун денесин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жогоруда Аксы районундагы табылбай жаткан баланын ата-энеси келип, табылган бала 2016-жылы төрөлгөн К.Т. аттуу баласы экендигин тастыктап беришкен", - деп жазылат билдирүүдө.

12-июль күнү саат 18:00 чамасында Ак-Жол айыл аймагындагы Алты-Айры жайлоосуна жааган жамгырдын кесепетинен Жолборсту сайында сел жүрүп, 7 адамды агызып кеткен (бир үй-бүлөнүн 6 мүчөсү менен 12 жаштагы бир бала). Мындан сырткары Жаңы-Жол айыл аймагынын Таштак айылында көчөдө ойноп жүргөн 2016-жылы туулган баланы агызып кеткен.

Жалпысынан 8 адамды сел агызып, анын ичинен 7 адам табылган. 13-июлда каза болгондордун сөөгү жерге берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Danil-adil-
2021-07-17 22:42:50
Байкуш периште...
+15
Egizderim-baktim
2021-07-17 23:08:35
Ата энесине сабыр тилеймин. Жаткан жери жаннаттан болсун периштенин
+18
Malin
2021-07-17 23:45:59
Аллах сабыр берсин.
+11
Margana93
2021-07-18 13:07:02
Жайы жананттан болсун
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан