UFC: "Саналуу мүнөттөрдөн соң октагонго чыгат". Хабиб Нурмагомедов Ислам Махачевге ийгилик каалады

Бүгүн, 18-июль күнү АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC APEX" спорттук аренасында UFC Vegas 31 турнири өтүүдө. Бул турнирдин негизги беттешинде атактуу мушкер Хабиб Нурмагомедовдун жакын досу, орусиялык мушкер Ислам Махачев бразилиялык Тиаго Мойзес менен беттешет.

Беттеш алдында Хабиб Нурмагомедов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Махачевге арнап билдирүү жарыялады.

"Өтө узак жолду басып өттүк, мен мунун бардыгын айтып бере албайм, аны көргөндөр гана билишет. Болжол менен 5 сааттын ичинде биздин октагонго чыгуубуз. Бир тууганым, сени Жаратканым бардык жаман нерселерден сактасын", - деп жазды Хабиб Нурмагомедов.

Махачев акыркы жолу быйыл март айында беттеш өткөрүп, анда Дрю Доберди мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-07-18 09:35:07
Аябай окшош экен го бири бирине
Хабиб келип калганбы деп жүрөгү жарылып кетпесе болду
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан