UFC: "Хабиб биринчи чуркап чыкты". Ислам Махачев атаандашын муунтуу ыкмасы менен утуп алды

Бүгүн, 18-июль күнү АКШнын Лас-Вегас шаарындагы "UFC APEX" спорттук аренасында UFC Vegas 31 турнири болуп өттү.

Турнирдин негизги беттешинде орусиялык мушкер Ислам Махачев менен бразилиялык Тиаго Мойзес кез келди. Беттеште Махачев бир топ мыкты болуп, атаандашын төртүнчү бөлүктө муунтуу ыкмасы менен утуп алды.

Калыс беттешти токтотору менен UFC уюмунун мурдагы чемпиону, жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов октагонго биринчилерден болуп чуркап чыгып, Махачевди кучактады.

Муну менен Ислам Махачев карьерасындагы 20-жеңишине жетсе (1 жеңилүү), Мойзес 5 ирет жеңилүү ызасын тартты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан