UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко жаш кыргыз баланы беттештеги жеңиши менен куттуктап, атактуу мушкер Конор Макгрегорду белгиледи. Видеону Шевченко социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Жаш кыргыз баланы жеңиши менен куттуктайм", - деп жазып, Макгрегорду белгиледи Шевченко.
Жеңишинен кийин ал Конор Макгрегорду туурап баскан. Видеонун авторунун айтымында, жеңишке жеткен баланын салмагы атаандашынан дээрлик 10 килограммдай аз экендигин айткан.
25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 261 турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андраденин үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жетип, чемпиондук наамын бешинчи ирет коргоп калган.