Индиянын Уттар-Прадеш штатында үч баштуу наристе жарыкка келди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышты.
Андагы маалыматта, учурда ымыркай менен энесинин абалы жакшы. Энеси боюнда барда кадимкидей эле кош бойлуулукту башынан өткөргөн. Анын үй-бүлөсү ымыркай кудайдан келген белек деп сыйынышууда. Ымыркайдын калган эки башы дагы кадимкидей болуп, ал тургай чач өскөнү көпчүлүктү таң калтырган.
Былтыр, 2020-жылдын июнь айында коңшу Өзбекстанда эки баштуу ымыркай жарык дүйнөгө келип, бир айдан кийин чарчап калган.