Биз социалдык тармакта

Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүктү белгисиз адамдар алып салды

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Ата-Бейиттеги көрүстөнүндөгү түндүктү белгисиз адамдар алып салышкан. Бул тууралуу коомдук ишмер, телеалпаруучу жана продюсер Ассоль Молдокматова социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Белгисиз адамдар улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун көрүстөнүндөгү түндүктү алып салышыптыр. Жазуучунун уулу, Кыргыз Республикасынын экс-тышкы иштер министри Аскар Айтматов буга аябай капа болууда. Мунун бардыгы Аскар Чыңгызовичтин жеке каражатынан коюлган. Ал атасынын элесине сый-урмат жана кылдаттык менен мамиле кылат.

Мунун артында ким турат? Буга макулдук берилген эмес, бул иш өз алдынча жасалды. Мындай учурларда биринчи кезекте түндүктү орноткон уулу менен макулдашуу керек болчу. Кечирим сурап, тезинен оңдоп, түндүктү калыбына келтиришибиз керек!", - деп жазды Молдокматова.

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда Германиядагы ооруканада каза болгон. Анын сөөгү Ата-Бейитке атасы Төрөкул Айтматовдун жанына коюлган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Apyn8793
2021-07-18 14:32:52
Эмне деп жазышты деле билбей калдым
+7
zhaynak
2021-07-18 14:59:42
Apyn8793,мен дагы
+5
nazira...
2021-07-18 15:05:30
Тооба, кимге күч келди экен, акмактар.
+10
Бектурган
2021-07-18 19:47:16
nazira..., Түндүгү эгер жез болсо, анда бир кгмы 650 сомдон экен))...
-5
Antiradikal3
2021-07-18 20:26:23
Бектурган, сага окшогон дакансалар уурдап барып сатты да. Уурдаш боюнча чемпионсунар го....... Дакансалар. Чала молдолор.
-6
Gulina90
2021-07-18 15:08:36
Кенкелестер барда,эми сайдыбы ошол нерсе тооба.
+6
Rusi79
2021-07-18 15:11:51
Бизге тоталитардык режим керек окшойт отто аша чаап кеттик,ар ким билгенин кылып,оо кыргыздар ар ким билгенин кылып журуп мамлекетибизди жоготуп албайлы.
+12
Бектурган
2021-07-18 15:38:25
(Мусулмандар үчүн), атаңдын кабырына алтындан түндүктү койуп, алмаздан күмбөз салсаңда атаңа кымындайда пайдасы жок. Андан көрө ата-эненин арбагына беш убак намазда дуба кылып, Куран Хатым түшүрүп турсаң ошол пайдалуу. Теңирчилерге эмне кылсада жараша берет...
+5
baisogur
2021-07-18 15:39:37
Кумбозго тундук орнотсо болобу?
-6
Egizderim-baktim
2021-07-18 15:56:33
Ушунча жылдан бери турган тундук кимге тыгылды экен, кайсы не нормальный кылды экен??? Карангылыктын жеткен чеги да
+8
Бектурган
2021-07-18 18:51:19
Egizderim-baktim, Мүрзөгө түндүктү койгон өзү караңгылык. Түндүк койгудай ал жер эмне силерге гособьект беле? Мүрзө мүрзөдөй эле болгону жакшы. Ким алып салсада жакшы кылыптыр...
-3
Antiradikal3
2021-07-18 20:30:12
Бектурган, Ата-Бейит гос.обьект. Катардагы жонокой мурзо эмес. Сага окшогон чала молдо дин бузарлар оозун ачпай эле коюшсунчу. Сен олгогдо сени ээн талаага комушот. 5-10 жыл отуп мурзо экени унутулат. Арадан 30-50 жыл отуп сен комулгон жердин усту пивокана болуп мастар куну туну согунуп жургон болот сенин корустонундун устундо.

Ким алса жакшы уурдаптыр деп отура бер, ууру ууруну алыстан тааныйт болуп озуно окшогондорду колдоп.......
+3
Бектурган
2021-07-18 20:38:02
Antiradikal3, Исламда сен өлгөндөн кийин денеңдин кандай мүрзөдө жатканы маанилүүэмес, рухуң кайда жана кандай абалда экени маанилүү..
+2
Antiradikal3
2021-07-18 20:52:43
Бектурган, Сендей чала молдолорго боло берет, соогу туалетте болсо да. Маркумду неге сууга алып кепиндегени деле баары бир болсо керек.

Сен чала молдо ой жугуртуун шаманисттерге жакын белем? Шаманисттерге боло берет кайда олсо, соогу комулобу жокпу баары бир. Сага да баары бир окшойт.
0
Бектурган
2021-07-18 21:02:29
Antiradikal3,Кичине түшүнүп окусаң жазылгандарды, бет тырмооч болбой. Исламда адамдын сөөгү мүрзөдө жатса болду, ал кандай мүрзө экени маанисиз. Мисалы комплекспи, түндүгү барбы? Алтынданбы же күмүштөнбү уже ал жагы маанисиз, же мусор, главный жуулуп, кепинделип, жаназасы окулуп бир мүрзөгө көмүлсө болгону...
-1
Antiradikal3
2021-07-18 21:50:02
Бектурган, а бали. Эми озуно келдин. Эми ошондой экен, эмнеге тундук коюп койду деп эмне тополон кылып жатасын? Уурдап келип жакшы кылыптыр деп эмне табалап жатасын?

Ал жер Ата Бейит мемориалдык комплекси. Соогу кордолбосун жана унутулбасын маркумдар деп салынган нерсе. Откон кылымдын 30-жж. жок жерден жалаа жабылып атууга кеткен олко алдынкылары кайра комулгон жер. Келечек муун отмушун унутпай журсун кыязында. Торокул Айтматовдун соогу да ошол жерде.
+5
Antiradikal3
2021-07-18 22:00:10
Бектурган, Торокул Айтматовго жок жерден жалаа жабышып ал камалып атууга кеткенде Чынгыз агабыз тестиер бала болчу. Жетимдиктин азабын коруп чоноюп кийин Кыргыз элине ат которгус эмгек калтырды. Кыргыз желегин желбиреткен спортчуларыбызды дуйно эли бат эле унутат, бирок Айтматовдун чыгармалары 50-100 жылдан кийин да окулуп жашай берет.
Бул агабыз кайтыш болгондо соогун атасынын соогуно жанаша коюшкан экен, эми бул жорук соокту кордоого тете эмеспи?.....
+6
bond02
2021-07-18 16:50:01
Боз уй жасаган бироо алып кеткен го.
-6
jakilik
2021-07-18 19:04:23
Менин оюм түндүкткн кереги эмес эле ал жерге.Мен барып көргөм, өлгөн адамдын топурагынын үстүнө түндүк же ж.б.у нерселерди койгон болобсо керек
-2
al-abu-kinesz
2021-07-18 19:30:14
Материалы жез же кымбат материал окшойт да, уурдап кетишкен окшойт.
+4
Nursul
2021-07-18 22:49:43
Кимге керек болду экен
0
mbmur
2021-07-19 00:47:45
Тундуктун же ар кандай темирдин ал жерге кереги жок.Бат баттан барып карап,тазалап, гул эгип,куран окуп тургула.Ошол эн чон жардамынар болот билсенер.
-2
Egizderim-baktim
2021-07-19 02:52:31
Ким кандай ойдо билбейм. Кандай эстелик тургузса озунун иши баарыбир ошол тундук ко тийишпей керек болчу. Ар нерсе айтып жатып маркумдарды да козгоп койдук. Арабыздан отуп кеткен баардык мусулман бир туугандарыбызды Аллахым озу кечирсин деп дуа кылдым
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан