13-июль күнү Бишкектеги Кырман конушунан дайынсыз болуп изделип жаткан 5 жаштагы Нурислам Мусаевдин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу баланын кошуналары билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын жансыз денеси кечээ, 18-июлда табылган. Ал сууга чөгүп кеткен.
Буга чейин Бишкектеги Кырман конушунда 5 жашар Нурислам Мусаев изделип жатканы маалымдалган.