Москвада милдеттүү QR код тутуму жокко чыгарылды

Москва коомдук тамактануу жайларында милдеттүү түрдө QR код тутумун жокко чыгарды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, түнкүсүн иштөөгө коюлган чектөө алынып, клубдардагы, барлардагы, дискотекалардагы жана караокедеги иш-чаралар калыбына келтирилген, тамак-аш корттору жана балдар ойноочу бөлмөлөр кадимки режимде иштей баштаган. Ал эми тиешелүү жарлыкка Москва шаарынын мэри Сергей Собянин кол койгон.

Мэр буга чейин борбор калаадагы коронавируска байланыштуу кырдаал жакшырганын айткан.

Эскерте кетсек, Москвада ресторандарга жана кафелерге баруу үчүн QR код тутуму 28-июндан бери иштеп келе жаткан. Ага ылайык коронавируска каршы эмделген, акыркы алты айда ооруп айыккан же ПЦР тестинин терс жыйынтыгы бар адамдар гана коомдук тамактануу жайларына бара алышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Altyn10076
2021-07-20 11:50:14
Отмена кыла элек жумушка вакцинация кылынбаганды албайт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан