Тотомидин Жолдошев: "Чоң энем мени башка неберелеринен өзгөчөрөөк жакшы көрчү"

"Таалай элеси" тобунун жетекчиси Тотомидин Жолдошев биздин "Апам жапкан нанды сагындым" рубрикабыздын коногу болуп, жарык дүйнөгө алып келген апасы жана тарбия берип, эркелетип өстүргөн чоң энеси тууралуу айтып берди. "Чоң энемдин эмчегин 1-класска чейин эмдим, чоң торпогум деп койчу" деген ырчы балалыгындагы кызыктуу учурларын төмөндөгүчө эстеди.

"Апам азыр шаарда мени менен турат. Бала кезде мен чоң энемдин колунда өстүм, бир короодо эле чогуу жашачу элек. Болгону эки башка үйдө жашачубуз. Айылга барып келсе мени өзүнчө бөлүп чакырып башкалардан көбүрөөк эт, момпосуй берчү эле. Ачык эле айтайын мен энемдин эмчегин 1-класска чейин эмдим. Сабакта отуруп классташтарым тамга таанып үйрөнүп жатса, мага энемдин эмчеги элестеп тура берчү, кумары болчу окшойт. Мектептен келерим менен чуркап барат элем, "чоң торпогум келди" деп күлүп калчу. Кээде ата-энем менен чоң энемдин ортосунда түшүнбөстүк болуп кетсе чоң энемдин тарабын талашып кетчүмүн. Кийин көзү өтүп кеткенде аябай кыйналып жүрдүм", - дейт Жолдошев.

Тотомидин Жолдошев: “Чоң энемдин көзү өтүп кеткенде аябай кыйналгам”
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан