Ош облусунун Алайкуу өрөөнүнүн Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Коо-Чаты айылында карышкыр адамдарга кол салып, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу айыл башчы Азат Ашимовго байланышканыбызда, маалым болду.
Анын айтымына караганда, аталган окуя Карагайты жайлоосунда орун алган.
"Алгач карышкыр 17синен 18ине караган түнү саат 22:00дө короого келип, кошуналар кубалап жиберишет. Андан кийин саат түнкү 12лерде карышкыр кайра келип, окуучу кызды аркасынан келип бутун тиштегенде ажыратып калышыптыр. Саат 2де кайра мал үркүп Асыран Иминов деген бала чыкканда маңдайынан карышкыр чыгып, ага кол салат. Асыран карышкыр менен кармашып, андан кийин кошуналар көрүп ажыратып калыптыр. Курал жок, кол менен карышкырды муунтуп өлтүрүшүптүр. Аларды райондук ооруканага жеткирдик. Жеңил жаракат алышты. Абалдары жакшы.
Ал эми карышкырдын башын Ошко лабораторияга жөнөттүк. Жыйынтыгы шаршемби күнү чыгат", - деп билдирди айыл башчы Азат Ашимов.