Өзбекстан Тажикстанга согуштук техника жана аскерлерин жөнөтөт

Өзбекстандын аскерлери Орусия жана Тажикстан менен биргеликте Тажик-Ооган чек арасында машыгуу өткөрүшөт. Бул тууралуу тажикстандык басылмалар жазып чыгышты.

Коңшу өлкөнүн жазган маалыматына ылайык, 1-августан 10-августка чейин Хатлон багытындагы Тажик-Ооган чек арасында аталган үч өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн чоң масштабдагы биргелешкен аскердик машыгуулары өтөт.

Орус, өзбек жана тажик аскерлеринин террордук иш-аракеттерге каршы аскердик машыгуулары Тажик-Ооган чек арасында жайгашкан Харбмайдон согуш талаасында жүзөгө ашырылат. Аскердик окууга үч өлкөнүн аскер аба күчтөрү, абадан коргонуу күчтөрү, брондолгон техникалар жана аскерлери катышат. Аскердик окуунун негизги темасы Ооганстандагы террорчулардын Тажик тарапка басып кирүүсүн алдын алуу жана үч өлкөнүн аскер күчтөрүн координациялоо болуп саналат.

Ошондой эле бул иш-аракеттер Тажикстан, Өзбекстан жана Орусиянын ишке ашуу алдында турган алгачкы толук кандуу аскердик окуусу болорун басылмалар белгилешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nazira...
2021-07-19 15:36:25
Катуу кетишиптир го, "с"лар
+3
Mashyrbek
2021-07-19 16:55:45
Талиптер Таджикистанга кол салбайт кол салса тажик узбекистан туруштук бералбайт
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан