Футбол ааламында "төңкөрүш" болуп жатабы? ФИФА футболдогу жаңы эрежелерди сыноодон өткөрүүдө

Дүйнөлүк Футбол федерациясы футболго өзгөртүүлөрдү киргизип, оюндун системасын жаңылоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу дүйнөлүк спорт басылмалары жазып чыгышты.

Басылмалардын маалыматында, федерация учурда оюндун кызыктуулугун арттыруу максатында жаңы мүмкүнчүлүктөрдү караштырып, футбол ааламында "төңкөрүш" жасоого белсенип жатканы айтылат. Ал тургай, жаңыча оюн жүргүзүүнү Future of Football Cup деп аталган жаш футболчулардын турниринде сынап көрүүдө.

Жаңы эрежелер төмөндөгүчө:

Оюндун ар бөлүгү 30 мүнөттөн

Оюн убактысын 60 мүнөткө кыскартуу сунушу биринчи жолу сунушталып жаткан жок. 2017-жылы IFAB (Эл аралык футбол кеңеш ассоцияциясы) тарабынан дагы футболчулардын ойноо сапатын жогорулатууга багытталган документ даярдалган. Ал документте дагы 60-мүнөттөн кийинки убакыт текке кеткен убакыт катары сыпатталган. Оюндагы убакытты азайтуу беттештин кызыктуулугун жана ылдамдыгын арттырууга жардам берет. Жаңы сунуштардын арасында стандарттык абалдарда, бурчтан жана дарбазадан чыгарып берүү учурунда оюнчунун өзүнө-өзү топ чыгарып берүүсүнө уруксат берүү да каралган.

Италиялык "Наполи" клубунун президенти Аурелио Де Лаурентис 2018-жылдан бери оюн убактысын кыскартууга чакырып келет.

"Биз футболду акырындык менен жок кылып жатабыз. Биз келечекке карашыбыз керек. Анткени азыркы жаштар компьютер оюндарына берилип жатышат. 8 жылдан кийин көрөсүңөр. Азыр төрөлүп жаткан балдар футболго эч кызыкпай калышат. Анткени ар бир бөлүгү 45 мүнөттөн турган оюн көрүүчүлөр үчүн өтө кызыксыз. Айрым футбол беттештеринде жөн гана уктагың келет. Футболчулар үчүн да 90 мүнөт бою жогорку ылдамдыкта оюн жүргүзүү кыйынга турат".

Топ оюн талаасын таштап кеткен учурда оюн убактысын токтото туруу

Бул эреже баскетбол оюну үчүн туура болот. Ошондой эле футболдо да оюн кызыгын сактап турууга оң таасирин тийгизет деген ойлор бар.

Оюнчулардын алмашуусуна чек койбоо

Каптал сызыктардан топту оюнга кошууда (аут) бут менен чыгарып берүү

Бул боюнча "Арсеналдын" мурунку машыктыруучусу Арсен Венгер көптөн бери айтып келет. Анын айтымы боюнча мындай эреже оюндун сапатын жакшыртат. "Команда үчүн топту оюнга кошуу абдан жакшы мүмкүнчүлук. Бирок азыркы эреже боюнча каршылаштын 10 оюнчусунун арасынан өзүңдүн 9 командалашыңдын бирине топту кол менен ыргытып берүүдө аябай ыңгайсыз абалда каласыз. Биз оюнду жакшыртуу жолдорун ойлонушубуз керек. Анда эмне үчүн өзүңдүн жарым талааңдан топту тээп чыгарып берүүгө болбосун".

Сары айып кагазын алган оюнчунун 5 мүнөткө оюн талаасынан чыгарылуусу

Учурда жаңы эрежелер сыналып жаткан турнир жыйынтыкталган соң ФИФА ал эрежелердин футболго кандай таасир тийгизерин талкуулап, дүйнөлүк деңгээлге чыгарууну карайт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Бектурган
2021-07-19 16:52:23
60 мүнөт кылганы өтө туура. Анан ауттан бут менен бергенида туура, мага жакты бул эрежелери. Оффсайдты да алып салса жакшы болмок...
-4
ShaKe11
2021-07-19 17:10:38
Бектурган,
Оффсайдты алып салса голго бай ойун болуп кызыгыда кетет ойунду
+5
Jonisem
2021-07-19 18:46:30
ShaKe11,
+басам деп -басылып кетти
+3
Eden-Hazard
2021-07-19 19:13:36
Соонун
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан