Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында кечээ, 28-октябрда саат 13:05тер чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 451-чакырымында Нарын дарыясына 2 адам чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык министрликтин Таш-Көмүр шаардык издөө-куткаруу отрядынан 7 куткаруучу тартылып, чөгүп кеткендердин биринин сөөгүн алып чыгышты. Каза болгон адам Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1986-жылы туулган М. Мурзапаязова экени аныкталды. Ал эми жабыркаган 2009-жылы туулган А.Сапарбекова шаардык ооруканага жеткирилди. Кырсыктын себептери такталууда.