Индияда катуу жааган жамгырдын кесепетинен жер көчкү жүрүп, 31 адам каза болду

Индиянын Мумбай шаарында катуу жааган жамгырдын кесепетинен жер көчкү жүрүп, 31 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мумбай шаарынын четиндеги Чембур аймагында 21 адам, Вихроли шаарынын чет жакасында дагы 10 адам каза болгон. Ошондой эле куткаруу иштери түнү бою уланган. Мумбай аэропортунда күнүнө 250 миллиметрден ашык жамгыр жаады. Нөшөрлөп жааган жаандан улам жер көчкү жүрүп, үйлөргө, унааларга зыян келтирип, кыйроого учуратты.

Мындан тышкары, шаарда суу тазалоочу комплексти суу каптап, натыйжада суу менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралган. Ошондой эле кээ бир аймактарда жамгырдын жаашы дагы уланаары күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Мумбайда муссон мезгили июль айынан сентябрга чейин созулат, ушул айларда жаан-чачын катуу жаап, көбүнчө шаардагы сапатсыз курулган үйлөр жайгашкан жакыр аймактарында имараттар урап түшөт.
Улуттук биотехнологиялык маалымат борборунун изилдөөсүнө ылайык, Индиянын борбордук бөлүгүндө 1950-жылдан 2015-жылга чейин жаан-чачын үч эсеге көбөйгөн деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан