Пакистанда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кетип кеминде 27 адам каза болду

Пакистандын түндүк-чыгыш тарабындагы Пенжаб провинциясында жүргүнчү ташуучу автобус кырсыкка учурап, кеминде 27 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары Пакистандын полиция кызматынын маалыматына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Андагы маалыматка караганда, Ражанпур - Сиалкот маршруту боюнча багыт алган автобус катуу ылдамдыкта бара жатып оодарылып кеткен. Кырсык айланма жолдо болгон. Анын кесепетинен 27 адам каза болуп, дагы 30у ар кандай деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Кырсык болгон жерге дароо "Тез жардам" кызматы жана куткаруу кызматы тартылып, жаракат алгандар жакынкы ооруканаларга жеткирилеген. Ал эми каза болгондордун аты-жөнү такталып жаткандыгы жана кырсыктын келип чыгуу жагдайлары тиешелүү кызматтар тарабынан изилденип жаткандыгы айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан