"13 жаштагы кызды бутунан тиштеп сүйрөгөн". Алайкууда карышкырдын адамдарга кол салган окуясы боюнча милициянын маалыматы

Ош облусунун Алайкуу өрөөнүнүн Кызыл-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Коо-Чаты айылында карышкыр адамдарга кол салып, эки адам жаракат алганы кабарланган. Бул факты каттоого алынып, укук коргоочулар тарабынан тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына ылайык, 17-июлдан 18-июлга караган түнү Карагайты жайлоосунда короодогу мал-жандыкка карышкыр кол салган.

"Аны 13 жаштагы А.А. аттуу кыз байкап калып, эшикке кол чырак менен жарык кылып чыкканда карышкыр бутунан тиштеп сүйрөгөн. Кыздын кыйкырыгын уккан 36 жаштагы Т.А. аттуу кошунасы жардамга келип, карышкырды муунтуп өлтүргөн. Натыйжада эки жаран Кара-Кулжа райондук ооруканасына жеткирилген.

Аталган жагдай Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя боюнча жергиликтүү бийлик жана медицина кызматкерлери менен биргеликте жабыр тарткан жарандын ден соолугуна көңүл бурулууда. Ошондой эле милиция кызматкерлери тарабынан башка жарандардын карышкырдын кол салуусунан сактануу максатында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

Буга чейин аталган айылдын башчысы Азат Ашимов карышкырдын башын Ошко лабораторияга жөнөткөнүн билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurka_85
2021-07-19 19:37:45
Молодец кошунасы коркпой жардамга келип, муунтканы духу жеткен.
+11
Asmat84
2021-07-19 23:04:15
nurka_85,кошунасы эркек экен
+2
nazira...
2021-07-19 20:35:45
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап карышкырды камайсынарбы эми.
+14
Ak_Bulut
2021-07-20 09:02:51
Кошунасына сыйлык бериш керек, адам куткарып эрдик жасаганы үчүн
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан