Офтальмолог: "Смартфонду узак убакытка кароо көздү кургатып, иммунитетти начарлатат"

Узак убакыт бою смартфон колдонуу көздү кургатып, иммунитетти начарлатат. Бул тууралуу орусиялык офтальмолог, медицина илимдеринин доктору Игорь Азнаурян жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде билдирген.

"Узак убакыт бою смартфон же компьютерде отурганда "кургак көз" синдрому пайда болот. Анда көздүн жаш бездери керектүү деңгээлде нымдуулук бөлүп чыгарбай калат. Натыйжада көз кургап баштайт, бул өз кезегинде жалпы иммунитеттин начарлашына да себепкер болот. Телефондон кызыктуу видео көрүп, оюн ойноп же электрондук китеп окуп отурганда көздү ирмөө азаят, бул нымдуулукту бөлүп чыгаруу процессин азайтып, көз кургап баштайт", - деген Игорь Азнаурян.

Ошондой эле ал көздөн аз нымдуулук бөлүнүп чыкканда көзгө түшкөн ар кандай микробдордун организмге зыяны чоң экендигин айткан. Эгерде жумушка же окууга байланыштуу компьютерде жана смартфондо узак убакытка отурууга мажбур болсо, анда атайын көздү нымдаштыра турган тамчыларды колдонууну сунуштайт. Мындай тамчы дарылар толугу менен көздүн бөлүп чыгарган нымдуулугун толуктай албайт, бирок көздүн кургап кетишинде жардам берерин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан