Бишкекте батирден өрт чыгып жанындагы үйгө да өттү

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак үйдүн 12-кабатындагы батиринен чыккан өрт толук өчүрүлдү. Өрт кырсыгы бүгүн, 19-июлда болгонун ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, Ленин районундагы Грибоедов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм жана 1 автошаты тартылган. Саат 16:05те өрт чектөөгө алынып, саат 17:03тө толук өчүрүлдү.
"Өрттүн кесепетинен 12-кабаттагы аянты 100 чарчы метр болгон батир күйүп, өрт жанындагы батирге өтүп эшиги жана коридору күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан