Түркиянын окумуштуулары бактериялардын жаңы 60 түрүн аныкташты

Самсун университетинин Искусство жана илим факультетинин молекулярдык биология жана генетика бөлүмүнүн башчысы, профессор, доктор Невзат Шахин жана анын тобу Түркия, Түркмөнстан, Кипр, Орусия, Нигерия жана Индиядагы көлдөрдөн жана топурактан алынган үлгүлөргө изилдөө жүргүздү. Анын натыйжасында окумуштуулар жаңы бактериянын 60 түрүн табышты. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда жазылды.

Маалыматка ылайык, идентификациядан жана ат койгондон кийин, эки жылдык эмгектин натыйжасында табылган түрлөр илимий адабияттарга киргизилет. Профессор, доктор Шахин бактериялардын ачылышы жаңы дары-дармектерди жана антибиотиктерди табуу үчүн маанилүү кадам экендигин белгилеген. Шахин алар иштеп жаткан организмдер негизинен актинобактерия тобунун организмдери экендигин айткан. Бул топко микроорганизмдер кирет, алардан медицинада кеңири колдонулган жүздөгөн антибиотиктер алынат.

"Табылган организмдерди табигый жашоо чөйрөсүнөн, башкача айтканда, топурактан, суудан, өсүмдүктөрдөн, ткандардан, тамырлардан бөлүп алабыз. Андан кийин эл аралык стандарттык тесттердин жардамы менен обочолонгон организмдерди аныктайбыз. Эгерде биз аныктаган микроорганизмдердин арасында жаңы түрлөрү бар болсо, анда аларга эл аралык номенклатура эрежелерине ылайык ысымдарды ыйгарабыз. Андан кийин макалаларыбызды беделдүү журналдарда жарыялайбыз жана бул түрлөрдү илимий адабияттарга киргизебиз.

Бактериялардын бул түрлөрүнүн көпчүлүгү генетикалык өзгөчөлүктөрү боюнча антибиотиктердин булагы болуп саналат. Ошондой эле жаңы дары-дармектерди жана аларга байланыштуу антибиотиктерди табуу боюнча изилдөө иштерин жүргүзүп жатабыз. Жаңы дарыларды түзүү боюнча биздин ишибиз мамлекет тарабынан колдоого алынды", - деген профессор.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан