Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ армиясын Ооганстандагы кырдаал жөнүндө, анын ичинде чек ара аркылуу жайгаштырылган учкучсуз учактардын жардамы менен маалымат чогултуу үчүн Кыргыз өлкөсүндөгү жана Тажикстандагы Орусиянын базаларын колдонууга чакырды. Бул тууралуу ал Женева шаарында Жо Байден менен болгон жолугушууда айтканы чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматта айтылгандай, Орусиянын 6000 жоокери бар эң ири чет өлкөдөгү базасы Тажикстанда жайгашкан. Ошондой эле дагы бир чакан базасы Кыргыз өлкөсүндө. Ал Ооганстандын чек арасынан 800 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул эки мурунку советтик республика тең Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мүчөсү.
Путиндин бул сунушуна АКШ бийлиги жооп бере электиги жана Кремль да бул тууралуу комментарий бере электиги айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, АКШ 11-сентябрга чейин Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кетүүгө камынып жатат. Ооганстандын көпчүлүк бөлүгүн "Талибан" кыймылы ээлеп алды. Бул кыймыл Ооганстандын 85 пайыз аймагына ээлик кылып жаткандыгын билдирген.