
Муфтий
Замир Ракиев Курман айт майрамы менен Кыргыз элин куттуктады. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Урматтуу мекендештер, кымбаттуу бир тууган мусулман агайындар, аталар, апалар, ага-ини, эже-карындаштар! Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан бардык кыргыз элин улуу Курман айт майрамы менен куттуктайм.
Кирип келген куттуу Курман айт майрамы баарыбызга жакшылыкты, молчулукту, токчулукту, бакубат жашоону алып келсин.
Бул күн сооп табууга, муктаждардын үй-бүлөсүнө кубаныч тартуулоого, жашоодон жапа чеккен бир туугандарыбызга, жетим-жесирлерге, улгайып калган ата-энелерге, колунда жок инсандарга, майыптарга кол сунууга, көмөктөшүүгө эң ыңгайлуу күн.
Урматтуу мекендештер! Тилекке каршы, дүйнөлүк пандемиядан улам бул жылы дагы ажылык иши болбой калды. Мусулман бир туугандарыбыз бул күндөрү Арафат тоосуна барып, мамлекетибиздин тынчтыгын, элибиздин амандыгын Жараткандан жалбарып тилеп, дуба кылышаар эле. Кудайым буюрса, кийинки жылкы Курман айтта ажылыкка баруу, Арафат тоосуна чыгуусуна ар бир момун мусулманга насип этсин.
Азыр деле өлкөдө эпидемиологиялык сакталып турат. “Ар бир жандын саламаттыгы аманат”. Ооруп жаткан бир туугандарыбызга жараткан шыпаасын берсин.
Урматтуу мусулман бир туугандар! Баарыңыздарды улуу Курман айт майрамында ынтымакка, сабырдуулукка, биримдүүлүккө жана кайрымдуу болууга чакырам. Элибизге ынтымак, биримдүүлүк, туруктуулук жана өлкөбүздө өсүп-өнүгүү болсун! Курмандык чалган момун мусулмандарыбыздын тилегин, дубасын Жараткан кабыл кылып, ырыскыларын кең кылсын", - деп жазылат маалыматта.