Ирактын борбору Багдат шаарындагы Садр районунда жайгашкан "Эль-Вахилат" базарында жарылуу орун алды. Кырсык майрамдын алдында эл көп чогулган учурда болгондуктан бир топ адамдын өлүмүнө себепчи болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Акыркы маалыматтарга караганда, жарылуудан 33 киши каза болуп, 61 адам жаракат алганы кабарланууда. Курман болгондордун арасында аялдар жана балдар бар.
Ал эми издөө иштерин жүргүзүп жаткан куткаруучулардын айтымында, бул көрсөткүч дагы да артышы ыктымал. Азырынча жардыруу кимдер тарабынан ишке ашырылганы белгисиз.