"Токио-2020" Дүйнөлүк жайкы Олимпиадасы 23-июль күнү старт алат. Спортчуларыбыздын алдына чыгып желбиреген кызыл байрагыбызды көтөрүп чыкчу балбаныбыз Атабек Азизбеков менен тааныштырабыз.
Атабек Азизбеков "Токио-2020" Олимпиадасынын катышуучусу. Олимпиадада Кыргыз курама командасынын капитаны.
Туулуп-өскөн жери: Талас облусу
Туулган жылы: 1995-жылы 6-ноябрь
Спорттун түрү: Грек-Рим күрөшү
Үй-бүлөдө: 4 бир тууган. Эң улуусу
Атабек Азизбековдун бала чагы 7-класска чейин Талас облусунун Арал айылында өтүп, 7-класстан баштап Бишкек шаарындагы Шералы Сыдыков атындагы спорт мектебинде өткөн.
Жетишкендиктери: Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпиону. Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын эки жолку катышуучусу.
Балбан Атабек Азизбеков 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда "Токио-2020" Жайкы Олимпиада оюндарына катышууга лицензия утуп алган.
Атабек Азизбеков грек-рим күрөшү боюнча 87 килограмм салмакта килемге чыгат.