"Атамдын 56 жылдан бери жыйган буюмдарын агызып кетти". Лейлектеги селдин күбөсү окуя боюнча айтып берди

Кечээ, 19-июлда саат 17:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Баткен облусунун Лейлек районундагы бир катар айылдарда сел жүрдү. SUPER.KG порталына Катыраң айылынын тургуну Зунайда Ильяс кызы сел атасынын үйүн каптап кеткенин билдирди.

"Кечээ саат 15:00дөн өткөндө жамгыр жаап баштады. Андан соң 20 мүнөттөй катуу шамал болуп, мөндүр жаады. Үйдөн чыга албай, терезеден сайлардан сел кетип жатканын карап отурдук.

Атамдын үйүн сел каптаптыр. Сел үйдүн артына кирип, алды жагына чыккан экен. Үй жараксыз болуп калды. Буюм-тайымдардын баарын агызып кетиптир. Бир бөлмөгө суу келип, ачылбай калган. Азыр ача албай жатабыз. Үйдү эки жыл мурун дагы сел каптап кеткен болчу. Атамдын 56 жылдан бери жыйган буюмдарын агызып кетти. Анын баарын балама, кызыма деп ушунча жылдан бери жыйнап келген.

Бактыга жараша, үйдө эч ким жок болчу. Ал үйдө келинибиз турат, ал дагы шаарга кеткен.

Эки жыл мурда да үйдү сел каптаганда мамлекет тарабынан башка айылдан жер берилген. Ал жакка үй салганбыз. Бирок терезе, эшиктери коюла элек болчу.

Кошуналардын үйүнө дагы сел кирди", - деп билдирди Зунайда Ильяс кызы.

Кечээ, 19-июлда саат 17:30 чамасында катуу жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Козу-Баглан, Катраң, Лейлек, Тогуз-Булак, Айкөл айылдарында жана Исфана шаарынын Голбо, Чымген айылдарында сел жүргөнү маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Luna7
2021-07-20 15:58:08
Агызып кетсе башы коздон садага,башынар Аман болсун,мал мулк табылат
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан