Айрым мусулман өлкөлөрүндө Курман айт майрамынын шаңы болгон жок

20-июлда дүйнөдө мусулмандардын ыйык деп эсептелген Курман айт майрамы белгиленди. Жер жүзүндө Ислам динин карманган 1 миллиард 900 миллион адам бар болсо, анын 250 миллионго жакыны учурда согуш, экономикалык кризис орун алган же болбосо ар кандай кырсыктардан жабыр тарткан өлкөлөрдө жашайт. Төмөндө ыйык Курман айт майрамы айрым өлкөлөрдө кандай маанайда коштолгону тууралуу сөз кылабыз.


Ооганстан:
Америка аскерлеринин өлкөдөн чыгып кетиши менен талибдердин чабуулунун астында калган Ооган өлкөсү бүгүн кризисте күн кечирип жаткан мамлекеттердин сап башында. 38 миллион калкы бар Ооган өлкөсүнүн 85 пайызга жакын калкы бир апта ичинде эле талибдердин колуна өттү. Согуштун кесепетинен 270 миңге жакын адам качкын абалга түштү. 400 миң жашоочусу бар Херат шаарында учурда жымжырттык өкүм сүрүп турат.

Йемен: Иран жана Сауд Арабиянын аралашуусу менен Йемендеги 6 жылга созулган жарандык согуш басаңдап калса да, коркунучтары толук басыла элек. Ага кошумча учурдагы ачкачылык дагы бир көйгөй болуп турган бул өлкөдө үй-жайсыз адамдардын саны 41 миңден ашык экени айтылууда.

Ирак: Ансыз да согуштан чарчап бүткөн Ирактын эли Курман айт майрамынын таңын базардагы жарылуу кабары менен тосту. Арапа күнү Багдаттагы эл көп чогулган базарда чоң жарылуу болуп, 33 киши каза таап, 60тан ашыгы жаракат алган.

Буркина-Фасо: Калкынын 60 пайыздан ашыгы мусулман болгон бул Африка өлкөсүндө көптөн бери коркунуч өкүм сүрүп келе жатат. Ага себеп бир катар террордук топтордун өлкөдө жүргүзгөн кооптуу иш-аракеттери. Азыр Буркина-Фасонун борборунда майрам белгилемек мындай турсун, көчөгө эркин чыгуу кооптуу болуп турган убак.

Нигерия: Террордук топтор менен күрөшүп күн кечирүүгө мажбур болуп жаткан Нигерияда дагы майрамдын шаңы билинген жок.

Сирия: Дээрлик 10 жылдан бери согушуп жашап келе жаткан Сирия эли 22-ирет майрамды ызы-чуулуу тосуп алды. 10 миллион калкы бар өлкөдө 7 миллион адам качкын абалда жүрсө, дагы ошончолук сандагы адам өлкө ичинде үй-жайсыз жашоодо.

Палестина: Курман айт майрамын Израилдин аба чабуулдарынын алдында өткөргөн газалыктар бул жолу да экономикалык каатчылыкка карабай майрам шаңын тосууга аракет кылышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан