
Орусиянын Москва шаарында 32 жаштагы Кыргыз жаранын сабаганга шектүү кармалды. Орусиялык басылмалардын маалыматына ылайык, шектүү катары кармалган жаран 45 жаштагы жергиликтүү тургун.
Маалыматта айтылгандай, окуя 20-июнда бизнес борборлордун биринин жанында болгон. Анда мигрант менен жергиликтүү тургундун ортосунда уруш чыккан. Орус жараны кыргыз мигрантын буту менен баш тарабына тээп жибергенде анын жаагы сынган. Жабырлануучу бул окуядан кийин укук коргоочуларга кайрылган.
Дээрлик бир айдай убакыттан кийин, тагыраагы 19-июлда шектүү кармалып, ден соолукка атайылап залал келтирүү менен иш козголгон. Кармалган жаран эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы айтылат маалыматта.