Орусиянын Тольятти шаарындагы хостелде жашап жаткан 23 Өзбек жараны ууланды. Алардын 13ү ооруканага жаткырылган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 20-июлга караган түнү полиция кызматына массалык уулануу тууралуу маалымат келип түшкөн. Анда 23 чет элдик жаран ууланып, анын 13ү ооруканага жаткырылгандыгы маалымдалган. Белгилүү болгондой, уулангандар Өзбек жарандары болушкан.
Учурда бейтаптардын абалы канааттандырарлык деп бааланып жаткандыгы жана бул факты боюнча Тольятти шаардык прокуратурасы тергөө ишин жүргүзүп жаткандыгы айтылат маалыматта.