"Табыттарды ачууга уруксат беришкен эмес". Түркмөнстандын Ооганстан менен чектешкен облусунда белгисиз жагдайларда 18 аскер кызматкери каза болду

Түркмөнстанда белгисиз жагдайларда 18 аскер кызматкери каза болду. Мындай маалыматты чет элдик маалымат каражаттары жазышууда.

Андагы маалыматка таяна турган болсок, каза болгон аскер кызматкерлеринин сөөгү жабык болгон табыттарга салынып, туугандарына өткөрүп берилген.

Каза болгон аскерлердин жакындарына алар жол кырсыгынан каза болгондугун айтышкан. Ошондой эле аларды акыркы сапарга узатуу зыйнатына күч структураларынын кызматкерлери келип, аскерлердин сөөгү салынган табыттарды ачууга уруксат беришкен эмес.

"Азаттык" үналгысынын Түркмөнстандагы булактары аскер кызматкерлеринин катышуусундагы жол кырсыгы болгонун тастыктай алышкан эмес. Алардын айтымында, каза болгон аскерлердин сөөгүн Марыйск облусунан КамАЗга жүктөп алып келишкен. Ал эми аталган облуста Ооганстан менен чектешкен чек ара заставасы бар. Буга чейин бул чек ара заставасына Түркмөнстандагы күч структураларынын аскерлерин жана техникаларды тартып жатышкандыгы айтылган. Ал эми Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты четке каккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Gulina90
2021-07-20 22:22:25
Ажоосу озун кудай сезип алган,уй-булоосу билиши кк эмне себептен олгонун.Кантип баласын коргозбой комдурду.
+2
nazira...
2021-07-20 22:27:40
Кызык, жок дегенде бирөөсүнө көрсөтүп коюшпайбы, чын эле баласы олдүбү билиш керек го. Анан 10.20 жылдан кийин тирүү болуп чыкпасын. Путин кыргыз элинин шору деди эле, биз эмес эле түркмөндөрдүн шору го байкуштар, дагы биз билбеген нерселери канча аларда. Шүгүр кылалы.
-4
Nina.alex
2021-07-21 10:08:27
nazira...,ой дура. Причем тут Путин? ?
+4
nazira...
2021-07-21 17:47:43
Nina.alex,ой умная. Мен элинин шорун айтып жатам.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан