Баткен облусунун Кадамжай районунда Vito унаасы Nexia машинасынын ортосунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучу Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
"Nexia унаасы сүрүлүп барып, жолдун боюндагы блокту сүзүп токтоду. Ичиндеги 9 жигитти Кудай сактады. Жолдун бул участогуна тезинен бир чара көрүп, коопсуздукту карабаса болбойт. Анан эрежени одоно бузган Vito'нун айдоочусун жана тогуз жүргүнчүнү машинага салган айдоочуну да жоопко тартыш керек. Аз жерден 9 баланын өмүрү кыйылып кала жаздады", - деп жазды колдонуучу.