Ысык-Көл облусунда куткаруучулар сууга чөгүп кеткен кыздын жансыз денесин таап чыгышты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-июль күнү саат 15:30 чамасында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Маяк айылындагы көлгө 2009-жылы туулган М.Ж. аттуу кыз чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМдан жалпы 7 куткаруучу тартылып, саат 16:00дө кыздын жансыз денесин суудан чыгарышып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.