УКМК тарабынан майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, ошондой эле республикада электр энергиянын олуттуу жетишсиздигин эске алуу менен электр тармактарына ири зыян келтирген майнинг-ферманын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталып жана ага бөгөт коюлду.
Нарын шаарынын аймагында ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын жараны Б.Т. 118 даана өлчөмүндө майнинг-ферманы жеке үйгө орнотуп мыйзамсыз пайда алып жүргөнү аныкталды.
Шектүү өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жашыруу максатында майнинг-фермасынын жайгашкан жерин, ошондой эле ал жердин үн изоляциясын жана желдетилишин жашыруу боюнча максаттуу иш-чараларды уюштурган. Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.