Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел каптаган аймактарды тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кечээ, 20-июль күнү болжол менен саат 17:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Достук, Чангыр-Таш айылынын үстү жагындагы колотто даярдалган бийиктиги 18 метр узундугу 150 метр туурасы 50 метр болгон сел тосмого жамгыр суулары толуп сел жүргөн.
Сузак-Кара-Дарыя унаа жолунда жол каттамы толук токтоп калган, азыркы учурда жол каттамы ачылган.
Сел каптаган аймактарды тазалоо иштерин ӨКМнын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тарабынан жана атайын техникалар менен тазаланууда.